Тбилисиде «чет элдик агент» мыйзамына каршы митинг өтүп, полиция менен кагылышуу болду

Акция Республика аянтынан башталып, андан кийин митингчилер Руставели проспектисинен парламенттин имаратына келишти — полиция менен кагылыш дал ошол жерден башталган.

Грузия ИИМи акция күч колдонулган мүнөзгө өтүшүп кеткенин билдирди. Полиция «тартип орнотуу үчүн мыйзамда каралган атайын каражаттарды колдонду» деп билдирди ИИМ.

Кармалгандардын арасында Европа жана евроатланттык түзүмдөргө интеграциялоо боюнча мурдагы министри Алекси Петриашвили да болгон. Ага майда бейбаштык жана плициянын талабына баш ийбөө боюнча айыптар тагылды.

29-апрелде Грузия парламенти экинчи окууда «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамды экинчи окууда карайт. Ал арада ушундай эле мыйзам Кыргызстанда иштеп жатат.

Сүрөт: Reuters