Активдерди легалдаштыруу мыйзамы боюнча декларациялоонун мөөнөтүн жыл аягына чейин узартуу сунушталды

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам ар бир кыргызстандыкка өзүнүн кыймылсыз же кыймылдуу мүмкүн, акча жана башка активдерин (жада калса алар кылмыштуу жол менен келген болсо) легалдаштырууга жол ачат. Мамлекет активдердин бүтүндүгүн сактоо жана кылмыш куугунтугунан коргоо жаатында бир катар кепилдиктерди берет. Ошондой эле, эгер активдердин жалпы суммасы 100 млн сомдон ашса, анда бюджетке бир жолу 1 млн сом төгүп берүү керек болот.

Мындан сырткары, мүлкүн легалдаштырып жаткандарга өзгөчө жеңилдиктер берилет: салык жана бажы алымдарын, соцкамсыздоо боюнча жана бул мүлктөргө байланышкан башка милдеттүү төлөмдөрдү төгүүдөн бошотулат.

2024-жылдын февралында президент Садыр Жапаров өзүнүн 20 млн долларлык мүлкүн активдерди легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамы боюнча биринчилерден болуп каттаткан. Ал анда каражатын «чет өлкөдө сактаган» байларды өз убагында кирешесин легалдаштырып калууга чакырган.