«Беш-Сары» соода борборунун ээси Камчыбек Жолдошбаевдин кызы кармалды

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, компаниянын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева 29-апрель күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматта өткөн жылдын ноябрь айында соода борбордун жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, ишкерлердин ижара акысы 30%га төмөндөгөнү айтылат. Бирок соода борбордун жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта ижара акысын үчүн мурдагы бааларды кайтарууну жана жогорулатууну көздөгөн. Мындан улам ишкерлердин нааразычылыгын жараткан.

Буга чейин, аталган соода борбордун негиздөөчүсү, экс депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалып, мамлекетке 150 млн сом кенемте төлөп бергенден кийин, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.