Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнө салды

Өкүл баласы, КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев акындын жаназасы 2-майда, маркумдун Көк-Жардагы үйүндө окутулуп, сөөгү Абдылас Малдыбаев атындагы опер- балет театрынан чыгарын фейсбукка жазды. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюларын кошумчалады.

Сатирик Ысык-Көлдүн Түп районундагы Жылуу-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Чыгармачылык жолун 1975-жылы Кыргыз телерадио берүүсүндө редактор болуп баштаган. «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр», «Бетке айткандын заары жок» аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган.

1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Акындын «Чырмоок», «Конгуроо», «Ой, шумдук!», «Ап-Чихи! Чүчүңүз», «Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес», «Ачуу-таттуу аралаш» аттуу жыйнактары жарык көргөн.