Тышкы иштер министри Москва өкмөтүнөн кыргызстандык мигранттар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү суранды

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Москва өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде министр Москва өкмөтүнөн кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Тышкы иштер министри мындай кайрылууну Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарына каршы рейддер күчөгөнү тууралуу маалыматтын алкагында жасады.