Жалал-Абад: Бир аптада 700дөн ашуун үйдүн короосун суу каптады

Маалыматта 39 турак үйдүн ичине суу кирип, 3 үй авариялык абалга келгени айтылат. Дагы 12 турак үй капиталдык оңдоого муктаж. Атайын коммисия 15 390 чарчы ички чарбалык жол, 10 ички көпүрө жарактан чыгып, 279 гектар айыл чарба жери жабыркаганын аныктаган.

ӨКМдин басма сөз борборунан 27 апрелден тартып абал турукташып, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кырсыктын чыгымдары такталып жатканын кошумчалашты.