❗️Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлүдө

Ведомство жарандарга этият болууну жана кырсык болгон учурда күнү-түнү иштеген 112 номерине чалууну эскертти.

Буга чейин марттын аягында болгон катуу шамал учурунда Бишкекте өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Анын кесепетинен 10 адам жабыркап, шамал имараттардын чатырын учуруп, бак-дарактарды кулатып, унааларга зыян келтирген. Кийинчерээк, Бишкек шаарынын мэриясы жалпы 16 млн сомдук зыян келтирилгенин билдирген.