Иманкулов: Кыргыз-тажик чек арасын жерлерди алмашуу жолу менен чечсе болот

Иманкуловдун айтымында, көйгөй — Баткен облусундагы чек ара татаал тилкелерден, калктуу конуштардан, көчөлөрдөн же короолордон, ал тургай үйлөрдөн өткөнүндө.

«Албетте, бардыгы өзүбүз каалагандай болушун каалайбыз, бирок алардын кызыкчылыгын да эске алышыбыз керек. Анткени чек ара эки өлкөнүн ортосунан өтөт. Биз бул тең салмактуулукту издеп жатабыз жана консенсуска жетишибиз шарт. […] Албетте, жергиликтүү тургундар менен алдын-ала макулдашуу болушу зарыл. Азыр иш ушундай жүрүп жатат», — деди ал.

Иманкулов чек ара маселесин тез арада чечиш керектигин белгиледи.

«Биз бул процессти жарандарыбыздын жана мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирбей, ошол эле учурда коңшу өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен аягына чыгарабыз. Алар да биздин кызыкчылыктарды эске алышын камсыз кылабыз. Быйыл баарын бүтүрөбүз деп үмүттөнөм», — деп билдирди катчы.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын белгилесе, президент Садыр Жапаров чек ара меселеси 2024-жылдын жазында чечилерин айткан.