Орусия: Мигранттар орус тилинен сынакты университеттерде тапшырат

Чет элдиктерден сынак алууга укугу бар 12 университеттин баары коммерциялык өнөктөштөр менен келишимин токтотту.

Орусиянын Билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский бул чаралардын баары «мигранттар үчүн уюштурулган экзамендердин сапатына көзөмөлдү күчөтөрүн» айтты.

«Мен ректорлорго билимди текшерүү процедурасынын өзүн уюштурууга да, сертификаттарды берүүгө да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертем», — деди Могилевский.

Орусия «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин чет элдик жарандарды жана алар менен иштеген ар кандай түзүмдөрдү текшерүүнү күчөттү.

22-мартта «Крокуста» теракт болуп, кеминде 144 киши набыт болгон. Жалпысынан терактка байланыштуу 12 адам кармалган, алардын арасында Тажикстандын жарандары да бар.