Грузия парламенти экинчи окууда «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды

Мыйзамдын демилгечилери документти өлкөнү «суверендүүлүгүн бекемдөө» үчүн кабыл алуу керек деп айтышууда. Өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин айтымында, мыйзам толугу менен майдын ортосунда кабыл алынат.

Ошол эле кезде Тбилисинин көчөлөрүндө он миңдеген адамдар чыгып аткан нааразылыктар токтобой жатат. Полиция аларды жаш агызган газ жана суу атып кууп тарткаткан учурлар да болууда.

Ал арада ушундай эле мыйзам Кыргызстанда иштеп жатат.