⚽️Ошто 55 млн сомго FIFA’нын стандарты боюнча футбол аянтчасы курулат

Тендерди Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө футболдун өнүгүшү тууралуу бир нече жолу айтышкан. Ташиев Кыргыз футбол союзун да жетектеген. Ал арада Бишкекте 45 миң кишиге ылайыкталган Борбор Азиядагы эң чоң футбол стадиону курулуп жатат.