Сокулук: Дүкөндөн 2 млн сомдон ашык акча уурдаган эки киши кармалды

Маалыматка ылайык, 27-апрелде жабырлануучу Сокулук райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында белгисиз жаран анын дүкөнүнө кирип, 2 млн сомдон ашык акча каражаты бар темир сейфин уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча «Уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 30-апрелде 38 жана 45 жаштагы эки шектүү Ош шаарынын аймагынан кармалды. Алар Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, милициядан шектүүлөрдүн бири УКТнын мүчөсү экенин, ал өткөн жылы июлда Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1 млн 500 миң сом акча каражатын уурдоого тиешеси бар экени аныкталып, издөөдө жүргөнүн билдиришти.

Учурда иликтөө иштери уланууда.