Укук коргоочу Чупик: Орус чек арачылары кыргыз жана өзбек жарандарын киргизбей жатышат

«Өлкөгө кирүүдө мигранттарды жапырт кармоо 24-апрелде башталып, 1-майга карата Орусиянын аэропортторунда 4500ге чукул адам чогулуп калган, жердеги көзөмөл-өткөрмө жайларда дагы болжолдуу ушунча санда адам чогулуп калган. Кармалгандардын төрттөн бири гана — Тажикстандын жарандары, жарымына чукулу — Өзбекстандан келген мигранттар, калгандары — көбүнесе кыргыз жарандары», — деп жазат басылма укук коргоочуга таянып.

Кармалгандардын көбүнчөсүн сутка ичинде кайра артка кетирип жатышканы, бирок айрым учурларда артка кетирүү бир нече аптага созулуп кетиши ыктымал экени белгиленет.

Укук коргоочунун айтымында, 24-апрелден тартып ага чек арачылар кармап алган мигранттардан 200дөй кайрылуу түшкөн. Алар тамак-аш, суу берилбей, дааратканага коё бербей, телефондорун тартып алып жатышканына арызданышкан.

КР ТИМ башчысы 30-апрелде Москва өкмөтүнө кайрылып, кыргыз эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүүнү суранган. Ал эми Тажикстандын ТИМи 29-апрелде орус элчисине Орусияда тажикстандыктардын укугу жана эркиндиги бузулуп жатканы үчүн нота тапшырган.

22-мартта Москванын жака белиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгондон бүткүл Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга карата текшерүү, кармоо, агрессия актылары жана депортациялар күчөгөн.