ЖКнын комитети чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды Кыргызстанга которууну тездеткен мыйзам долбоорун кабыл алды

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 1587 кыргызстандык чет өлкөдө жаза өтөп жатат, алардын 742си — Орусияда. Орусияда соттолгондор көбүнчө «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылат (РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 4-беренесинин 228.1-бөлүгү). Бул берене өзгөчө оор категорияга кирет жана 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргызстанда бул берене боюнча биринчи жолу соттолгондор жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колонияларында өтөшөт. Бирок Орусияда бул берене боюнча соттолгондорго карата катаал режим колдонулат жана которуу учурунда режимге байланыштуу маселелер жаралат.

2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусунан кийин Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды согушка тартууга аракеттер болуп жатканы тууралуу маалыматтар ЖМКларда байма-бай жарыяланган. Ошондой эле Украинадагы согушта бир нече кыргыз жарандарынын каза болгону тууралуу фактылар тастыкталган.