Коомдук транспорттогу коопсуздук. Бишкекте эки күндүк хакатон өтүп жатат

Иш-чаранын өнөктөштөрү Санарип өнүктүрүү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Акыйкатчы институту баштаган бир катар уюмдар.

Мында катышуучулар коомдук транспорттогу балдарга жана аялдарга сексуалдык ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгышат. Ошондой эле командалар өздөрүнүн инновациялык идеяларын иштеп чыгып, эксперттер жана катышуучулар менен тажрыйба алмашышат.