Жарлыкта бул медал «чукул кырдаалдарда адамдарды куткаруудагы чечкиндүүлүк жана тайманбастык» үчүн берилери айтылат.
Ислам Халилов кыргыз үй-бүлөсүнүн баласы, ал 22-мартта теракт болгон күнү «Крокус Сити Холлдун» концерттик залындагы кийим илүүчү жайда иштеп жүргөн. Теракт учурунда ал 100дөн ашуун адамды кызматтык эшик аркылуу коопсуз жерге чыгарган.
22-мартта Москванын жака белиндеги «Крокуста» теракт болуп, кеминде 145 адам набыт болгон.