❗️Сузак райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен кетти

Кендирбаева «Азаттык» басылмасына берген комментарийинде «мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча окуучуларды чоң маарекелерге катыштырууга тыюу салынарын» белгиледи.

Ошондой эле аталган окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан «Урааным Манас» кароо сынагы республика боюнча токтотулду.

2-майда Сузак районунда балмуздак ташыган Hyundai Porter унаасы 35 адамды коюп кеткен. Жабыркагандардан 20сы ооруканага, алардан бешөө реанимацияга жаткырылган. Эки балага операция жасалып, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.

20-апрелде өлкөдөгү мектеп окуучулары арасында Манас айттуу боюнча сынак башталып, иш-чара Баткен, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.