⚡️Сузактагы кырсык: Унаанын айдоочусу кармалды, жабырлануучулардын саны 35ке жетти

«Беш бала реанимацияда жатат, экөөнө операция жасалган, алардын боору жана көк боору жарылган. Алар наркоздон чыгып, эстерине келип, сүйлөй башташты. Абалы оор болгон үчөөнүн көрсөткүчтөрү туруктуу», — деп билдирди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын арасында мугалим да бар — ал окуя болгон учурда боз үйдө болгон.

Милициядан Сузакта балдарды «Портер» коюп кеткен факт боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, натыйжада 48 жаштагы айдоочу кармалганын билдиришти. Учурда териштирүү уланууда.