ТИМ кыргызстандыктарга жүйөлү себеп жок болсо Орусияга барбай турууну дагы бир ирет сунуштады

Мекеме 2-майга карата аларга КР жарандарын Орусияга киргизүүдөн массалык баш тартуу учурлары болуп аткандыгы боюнча сигналдар түшпөгөнүн билдирди. Бирок министрлик Орусиядагы азыркы кырдаалга жана анын кыргыз жарандарынын укуктук абалына тийгизген таасирине көз салып турат.

Мындан сырткары, ТИМ мекендештерди Орусияда мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин анын аймагына убактылуу барбай турууну дагы бир ирет сунуштады.

Тажикстандын ТИМи 26-апрелде өз жарандарын Орусияга киргизбей жаткан учурлар көбөйгөнүн билдирип, кийин Орусиянын элчисине нота тапшырган.

22-мартта Москванын жака белиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгондон бүткүл Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга карата текшерүү, кармоо, агрессия актылары жана депортациялар күчөгөн.