2023-жылы бюджетке майнинг жана оюн-зоок ишмердүүлүгүнөн 190 млн сомдон ашык салык түштү

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 25ке чукул майнинг ферма катталган, алардын сегизи түзүлгөн келишимдердин негизинде чакан ГЭСтерден электр энергиясын алат. Калгандары энергияны кайдан аларын тактаган эмес.

Өлкөдөгү ири майнинг фермалардын бири Кеминде жайгашкан, ал «Соларкоин» компаниясына таандык. Былтыр жайында бул компания тууралуу эки көз карандысыз иликтөө чыккан. «Азаттык» бул компаниянын Кеминдеги фермасы мамлекеттик тармактарга кошулганын аныктаган. Ал эми «Клооп» компания мамлекеттик энергетикалык компаниялардагы жогорку аткаминерлер менен байланыштуу экенин аныктаган.

Иликтөөлөр чыккандан кийин бийлик майнинг ферма Казакстан аркылуу транзит менен келип жаткан Орусиянын «Интер РАО» энергокомпаниясынын электрин алып жатканын билдирген.

Өлкөдө оюн-зоок (кумар оюндары — ред. ) ишмердүүлүгүнө 2022-жылдын июнунан тартып уруксат берилген. Биринчиден болуп казино ачууга лицензияны «Гранд Казино» ЖЧКсы сатып алган. Кийин «Клооп» ал президент Садыр Жапаровдун досу Арзыбек Бурканов менен байланыштуу экенин аныктаган.