Англияга ишке жөнөтүүнү убадалаган жаран Кыргызстандын аймагынан чыгып баратканда кармалды

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициясына 41 жаштагы тургун кайрылган. Анда ага белгисиз бирөө Англияга жакшы маяналуу жумушка жөнөтөрүн, 6 ай ичинде жакшы акчага иштеп келерин айтып, WhatsApp аркылуу жумуш орундарынын сүрөттөрүн көрсөткөн. Жабырлануучу аркылуу жалпы 47 киши алдамчылардын торуна илинген.

Ошондой эле шектүү виза ачып берүү үчүн ар биринен 1400 доллардан алып, ар кандай шылтоолорду айтып, изин жашырып жүргөн. Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмаш иши козголуп, 3-майда шектүү «Акжол» өткөрмө посту аркылуу Кыргызстандын аймагынан качып бараткан жеринен кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү уланууда.