Муфтият никесиз жыныстык катнаш күнөө эмес деп видео чыгарган блогерге эскертүү берди

«Эркектер үчүн көп убакыт жыныстык катнашка барбоо ден соолугуна зыян. Мындан улам ар кайсы нерсеге ишенбей, ден соолугуңарга кам көргүлө, никесиз жыныстык катнашка баруу күнөө эмес. Болгону сактануу жолдорун эске алгыла. Эң негизгиси адам болгула», — деген ал.

Андан кийин өлкөнүн дин башкармалыгы Сагынбаевга эскертүү берди. Муфтият блогердин диний багытта айткан пикирин «ислам динин ачык бурмалоого жатат» жана «коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы келет» деп билдирди.

«Эгер аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болорун да эскертет», — деп билдиришити муфтияттан.

Сагынбаева болсо муфтияттан эскертүү алган соң тиктоктогу видеосун өчүргөнгө мажбур болгонун жазды.