Жапаров Москвага Бишкектеги «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөй калган шартта баратат. КР ИИМи эл көп чогулган жерлерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын, андыктан коомдук коопсуздукка коркунуч туудургандыктан быйыл жүрүш өтпөйт деп түшүндүргөн.
Ошондой эле быйыл 9-майга карата парад да өтпөйт. Калаанын Жеңиш аянтында митинг-реквием гана өтөт.