Каракол шаары— Ысык-Көл облусунун борбору. Аянты 44 чарчы километрди түзгөн калаа Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун этегинде жайгашкан. Азыркы кезде шаарда 79 миң киши жашайт. 

«Клооп» кызыктуу тарыхы, кооз жаратылышы бар жана өзгөчө имараттарга бай Караколдогу жаз мезгилин чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайт. Шаардын кооздугуна көз чаптыргыча тарыхы менен таанышыңыз.

Каракол шаарынын тарыхы 1869-жылга барып такалат. Калаа Орус империясы тарабынан Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолун Кокон хандыгынан коргоо үчүн негизделип, ага жакын жерден Каракол суусу өткөндүктөн ушундай аталышка ээ болгон.

1889-жылы Караколго орус саякатчысы жана изилдөөчү Пржевальскийдин ысымы ыйгарылган. Изилдөөчү Караколго жасаган бешинчи саякатында көз жумуп, сөөгү Ысык-Көлдун жээгине коюлган.

1922-жылы шаар кайра Каракол деп аталып, 1939-жылы Пржевальскийдин жүз жылдыгына карата экинчи ирет анын ысымы менен аталган. Кийин 1992-жылы өлкө эгемендүүлүк алганда шаардын Каракол деген аталышы кайтарылган.

Шаарда облустагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири – Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университет бар. Анда аймактан келген жаштар билим алышат. Студенттердин көптүгүнөн эл арасында Каракол жаштардын шаары деп аталып жүрөт.

Каракол аймактагы жашыл шаар катары да белгилүү. Калаанын ортосунда сквер жайгашкан. Ал жерге 2018-жылы Бугу уруусунан чыккан Арык Мырзанын айкели орнотулган. Сквер — тургундар үчүн сейидөөгө ыңгайлуу жер.

Шаарагы жашыл аймактардын бири — Жеңиш паркы. Аянты 8,4 гектар сейил бак Караколдун түштүк тарабында жайгашкан. Ал жерде Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстелик орнотулган. Жыл сайын 9-майга карта өчпөс оттун алдында аскердик парад уюштурулат.

Каракол башка аймактарга ашлянфу атуу тамагы менен таанымал. Тамакты мыкты жасаган ашканалар борборук базарда жайгашкан. Ар бир ашкана ашлямфуну өз рецебине ылайык жасап, даярдоо ыкмасын сыр кылып сакташат.

Ал эми калаадагы базар — жашоонун чордону. Базарда азык-түлүк, кийим-кечеден тышкары жазында багбандар көчөт сатышат.

Жаз келгени Караколдо көк бөрү ойногон жаштар ипподромдо машыгуу өткөрүшөт. Жергиликтүү улакчылардын оюнун көргөнү шаар тургундары да келип турушатат. 

Шаар тарыхый имараттары менен да өзгөчөлөнүп турат. Дуңган мечити, чиркөө сыяктуу имарттар жана көчөлөрдөгү бири-бирине окшош эски үлгүдөгү үйлөр калаага көрк кошуп турат. 

Ал эми шаардын тарыхы менен таанышуу үчүн 66 жыл мурда курулган Каракол тарых музейине келсеңиз болот. Музей күндөн күнгө жаңы табылга жана археологиялык экспонаттар менен толукталып келет. Шаардагы дагы бир кызыктуу жер — жалгыз антиквариат дүкөнү. Ал жерден 1 миллиондон ашык эски буюмдарды таба аласыз.  

Каракол шаарынын курамына Пристань–Пржевальск шаарчасы да кирет. Ал Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашып, совет доорунда согуштук кемелер үчүн торпедалар жасалып, аскердик базада сыноодон өткөрүлчү. Азыр бул жерде эскирген имараттар менен кароосуз калган порт бар. 

Автору: Аида Жоламанова