Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл өгөй атасы тарабынан сабалган үч жашар кыздан кабар алды

Буга чейин, Чүй облусунун Буденовка айылынын тургуну 29-апрель күнү саат 14:20лар чамасында аймактык ооруканага Буденовка айылынын тургуну 3 жашар кызын ар түрдүү дене жаракаттары менен алып келгени тууралуу Ысык-Ата РИИБине маалымат түшкөн.

Окуя боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренесинин негизинде иш козголуп, кыздын 28 жаштагы өгөй атасы сабаганы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө.

«Кактус» басылмасына укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, өгөй атасы үч жашар кызды 29-апрелге караган түнү сабап, андан соң итканага камап койгонун жазды. Жабырлануучу ит менен түнөөгө аргасыз болгон.