Бишкек: Тазалыкты сактабаган ишкерлер жалпы 102 миң сом айыпка жыгылды

Таштандыны белгиленбеген жерге ыргытканы үчүн «Кортекс» ишканасы 23 миң сом, ал эми «Бал Инвест» компаниясы 17 миң сом айыпка жыгылды.

Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча келишими жок иштеген үч ишкерге 13 000 сомдон, таштандыны өрттөп жиберген дагы бир ишкерге 23 миң сом айып салынды.

Мындан тышкары мэрия «Бакай банк», Арабаев атындагы мамлекеттик университетке жана «Мама» кафесинин ээсине протокол түзүп, айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча эскертүү берди. Текшерүүлөр улантылат.