Бишкектеги барлардын биринде мас киши кызды башка чапты

Окуя болгон жерден милиционерлер 1997-жылкы жаранды кармашкан.

«Кармалган жигит жинденип, сөгүнүп-сагынып, милиция кызматкерлерин мушташка чагым кылып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, активдүү каршылык көрсөттү», — деп билдирди Свердлов РИИБи.

Бул факты боюнча «бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.