Дастан Бекешев «Ататүрк» паркындагы үйлөрдү сүрдүрбөөнү өтүнүп мэрге кат жөнөттү

Ошондой эле эл өкүлү көпчүлүк үйлөрдү тургундар биринчи колдордон сатып алганын белгилеп, алардын укуктарын эске алуу керектигин билдирди.

«Ким бирөөлөр 2013-2020-жылдары бул жер чиновниктин жери экенин билбестен мыйзамдуу түрдө сатып алып, ушундай кырдаалга туш келип отурушат», — деди Бекешев.

12-апрелде калаа мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгон. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүүнү пландап жатканын билдирген.

Кийин парктын аймагынан жер жана үй сатып алган бир нече жаран мүлктөрү сүрдүрүлүп калышы ыктымалдыгынан улам президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылышкан.