Өлкөдө балдарды массалык иш-чараларды уюштуруу үчүн тартууга тыюу салынды

Чечим Сузак районундагы жайлоодо «Урааным Манас» республикалык кароо сынагы өтүп жаткан учурда «Портер» жүк унаасы балдарды коюп кеткенден кийин кабыл алынды. Жалал ОИИБнин маалыматына ылайык, иш-чарага жалпы үч миңдей окуучу катышып жаткан. Бул окуяда 30 чакты бала жабыркап, 19у ооруканада дарыланып жатат.