Мамменчикке өткөн, анын ичинде УКТга каршы күрөштө алынган объектилер аукционго коюлду

Бийлик Таш-Көмүрдөгү электр техникаларын чыгаруучу «Кристалл» заводун, Бишкектин түштүк тарабындагы «Эгиз Имараттын» 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метр кеңсени, Чолпон-Атадагы «Ак-Марал» жана «Зодиак» эс алуу борборлорунун акцияларын, Бишкектин борборундагы «Ай-Пери» бизнес борборун, «Баткен комфорт» базарынын жана Оштогу курулуш компанияларынын акцияларын сатат.

Бул объектилердин кээ бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен күрөшүүнүн алкагында мамлекетке «кайтарылган».