Мушкер Мухаммадазиз Закиров Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Ал 80 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда кореялык Парк Дам Хьонду, жарым финалда индиялык Сахилдди утту. Финалда болсо казакстандык мушкер Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.

Буга чейин ушул эле мелдеште кыргызстандык Амантур Жумаев менен Зафарбек Камалов да күмүш байге тагынган. Бокс боюнча жаштар курамасын мелдешке улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жетектеп барды.

Казакстанда 29-апрелде башталган Азия чемпионаты бүгүн, 7-майда жыйынтыкталат. Ага Азиянын 26 өлкөсүнөн келген 500 мушкер катышууда.