Президент акыркы үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулганын билдирди

Президент акыркы жылдары республикада авариялык мектептердин көйгөйүн чечүү боюнча күжүрмөн иштер жүрүп атканын жана жаңы мектептердин курулушу масштабдуу түрдө колго алынганын билдирди.

Жапаров буга чейин да ушундай эле билдирүү жасаган. 2022-жылдын апрелинин аягында президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрелине чейин — өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын, алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен курулганын билдирген.

Бирок «Клооп» жана «Дата мектеп» бул имараттардын бир бөлүгү жаңы мектептер эмес эле пайдалануудагы мектептерге жанаша курулган кошумча корпустар экенин аныктаган.

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда.

2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп авариялык абалда экенин эсебин чыгарган. Корутундуга ылайык, аларды сүрдүрүү керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңылары курулууга тийиш.