БШК Шайлообек Атазовду депутаттык мандаттан ажыратты

Ошондой эле БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова Атазов боюнча Жогорку соттун коллегиясы буга чейин чечим кабыл алганын белгиледи.

Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Свердлов районунан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Үстүбүздөгү жылдын мартында алгач Бишкек шаардык соту, кийин Жогорку сот Атазовду мандатынан ажыраткан. Анын ордуна сот БШКны Абдурахманхаджи Муртазалиевди депутат деп таанууга милдеттендирген.

Атазов бир нече жолу депутаттарга кысым күчөгөнүн айтып чыккан. Андан тышкары башкы прокурор Курманкул Зулушевди сотторго кысым көрсөтуп, мандаттан ажыратып жатат деп айыптаган.