Кыргызстандык альпинист Эдуарад Кубатов Гиннес китебине кирди

«Кубатов кошумча кычкылтексиз Манаслу чокусуна чыккан эң жашы улуу адам болгон. Ал 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш 273 күн курагында ушундай жыйынтыкка жетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Бул рекорддук наамды альпинизм боюнча адис Эберхард Юргальский тастыктады.

Эдуард Кубатов 2022-жылы 7010 метр бийиктиктеги Хан-Теңири чокусуна чыкса, 2021-жылдын майында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багынткан.