УКМК алтын куймалары тууралуу соцтүйүнгө тараган видеону чагымчыл видео деп атады

УКМК видео тууралуу «маалымат чындыкка дал келбейт» деп комментарий берип, бул тууралуу чагымчыл сөздөрдү таратпоого чакырды. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопко тартыларын эскертти.

Атайын кызматтан видеону «өлкөдөн тышкары жүргөн адамдар даярдаганын, ага мурда өтө оор кылмыш жасаганы үчүн иши козголгон кишилер тартылган» деп кошумчалашты.

«УКМК азыркы тапта деструктивдүү күчтөр соцтүйүндө жалган маалымат таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты өлкө жетекчилигин каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт. Мындай аракеттер республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн», — дешти атайын кызматтан.