УКМК: Ошто «Шрек» каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

«Шектүү Оштогу негизги баңги өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат, ал баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп, кылмыштуу иштерин уюшкан топтордун лидерлеринин колдоосу менен жүргүзүп келген», — дешти УКМКдан.

Атайын кызматтан шектүү баңги тобунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турарын, мурда Орусияда герои баңгизатын сактоо жана сатуу боюнча кылмыш жообуна тартылганын кошумчалашты.