Ал алдын ала соттук отурум өткөрүү боюнча Биринчи май райондук сотуна өтүнүч келтиргенин айтты. Мыйзам боюнча, соттук отурум 10 күн ичинде дайындалышы керек.
11 журналист үстүбүздөгү жылдын 16-январында жапырт кармалган. Алардын тогузу «башамаламандыкка чакырууга», ал эми экөө аталган чакырыктарды «уюштурууга» шектелип, эки айга камакка алынган.
Кийин алардан алтоо үй камагына чыкса, бири эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Азыркы тапта Temirov Live’дын жетекчиси Махабат Тажибек кызы, журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров жана акын Азамат Ишенбеков абакта.