Укук коргоочу: Абактагы активист Аспеков дарыланууга муктаж

«Аспековдун жүрөгүнүн коронардык оорусу бар, аортокоранардык шунтирлөөдөн кийин ал дайыма дары ичип жашап жатат. Медиктердин корутундусуна ылайык, эгер жүрөгү ооруп баштаса, ага алты айдын ичинде стент жасоо керек болот. 7-майда жүрөгү ооруп, ТИЗОго тез жардам чакыртылган. Врачтар “туруксуз стенокардия (инфаркт алдындагы абал)” деген диагноз коюп, тез арада ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан», — деп жазды ал.

Анын айтымында, ЖАК Аспековду ооруканага жаткыруудан баш тарткан, ал эми активист өзү үй-бүлөсүнө абалын айтпай койгон. Андан кийин 8-майда абалы кайра начарлап, аны ТИЗОго алып кетишкен, ал жерден изолятордун начальниги Аспековдун абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

«Абалы кооптуу экенин адвокат кирип, аны текшерип чыккандан кийин билдим», — деп жазды Абдирасулова Юстиция министрлигин, акыйкатчы жана Кыйноолорго каршы улуттук борборду аны ооруканага жаткырууга көмөк көрсөтүүнү суранып.