Amnesty International уюму Рита Карасартовага коюлган айыпты жокко чыгаруу боюнча 400 миңдей кол чогултту

Кол тамгалар активистти колдоо үчүн 2023-жылы «Каттар марафону» глобалдык кампаниясынын алкагында топтолду. Уюмдун билдирүүсүндө Карасартовага коюлуп жаткан «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айып ойдон чыгарылганы жана ал 15 жылга эркинен ажрыталышы ыктымалдыгы айтылат.

«Ританы колдоо үчүн чогултулган колдордун саны — бул Кыргызстандагы саясий репрессиядан жапа чеккен Ританы жана башка активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды дүйнөлүк колдоонун жана тилектештиктин далили», — деди Эл аралык мунапыс уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйси Вайердинг.

Чогулган колдор Кыргызстандын бийлигине өткөрүлүп берилди.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган. Алардын арасында Рита Карасартова да болгон. Ал 6 ай тергөө абагында отуруп, кийин үй камагына чыгарылган.