«Бир грамм да уурдалбайт». Жапаров алтынга байланыштуу соцтүйүндөгү видео боюнча үн катты

«Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт», — деп ишендирди ал.

Президент алтынга байланыштуу ишке анын бир тууганын тиешеси бар деген пикирге «алар чет өлкөгө бир нерсе чыгармак турсун, сырттан ташып жатышат» деп жооп берди.

«Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал азыркы учурда алтындын улуттук кору 52 тонна экенин белгилеп, элди жалган видеолорго ишенбөөгө чакырды.