Энергетика министрлигине 86 млн сомдук жаңы атайын техника тапшырылды

Атайын техниканын жалпы баасы 86 миллион сомдон ашуун — 28 бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 экскаватор.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө, мамлекет өлкөнүн энергетика тармагына реформа жүргүзүп, бир катар алгылыктуу иштер аткарылып жатканын белгиледи. Өкмөт башчы мисал катары, жакында ишке киргизиле турган Бала-Саруу ГЭСин айтып, чакан ГЭСтер курулуп жатканына токтолду.

Министрликтен энергетика тармагына акыркы 3 жылда жалпы 261 атайын техника алынганын, алардын жалпы суммасы 814 миллион сомдун тегерегин түзөрүн эске салышты.