Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Маалыматка ылайык, эмгек акынын көбөйүшү бардык тармактарда байкалган. Статкомдун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, жыл башынан берки төрт айда ички дүң продукциянын көлөмү 341,7 млрд сомду түзүп, былтыркыга караганда 107,4%га көп.

Экономика министрлиги быйыл алгачкы кварталда экономиканын бардык тармагында оң динамика байкалып, инфляция басаңдаганын билдирди. Керектөө баа индекси 101,4%ды түзүп, дээрлик 2,5 эсеге жайлады.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылы бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын, пенсия жана жөлөк пулдарды эки эсеге чейин жогорулаткан. Ал эми өткөн жылдын тогуз айында орточо айлык акы 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирген.

Кыргызстанда орточо маяна Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң аз болуп саналат. Өлкөдө айлык акы 12-майдагы расмий курс боюнча 385,31 долларды түзсө, Беларусияда орточо айлык акы 638, Арменияда 676, Казакстанда 774, ал эми Орусияда 857 долларды түзөт.