Махабат Тажибек кызынын абакта сабалды делген сүрөтү жарыяланды

6-апрелде Болот Темиров тергөө абагынын кызматкерлери жубайы жана аны менен бирге отурган аялдарды ур-токмокко алганын билдирген.

Бирок Жаза аткаруу кызматы Тажибек кызынын сабалганы тууралуу маалыматты четке каккан. Ал эми мекеме акыркы сүрөттөр боюнча комментарий бере элек.

Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 кызматкери үстүбүздөгү жылдын 16-январында кармалган. Алардын тогузу «башамаламандыкка чакырууга», ал эми экөө аталган чакырыктарды «уюштурууга» шектелип, эки айга камалган.

Кийин алардан алтоо үй камагына чыкса, бири эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Азыркы тапта Тажибек кызынан тышкары журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров жана акын Азамат Ишенбеков абакта.