Ош: Аялына зомбулук көрсөттү делген 23 жаштагы шектүү кармалды

Жабыралануучу милицияга кайрылган эмес. Бирок окуя камерага түшүп калгандыктан «үй-бүлөлүк зомбулук» катары милицияга катталып, көзөмөлгө алынган.

Тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну кармалып, 24 саатка камакка алынган. Жаңжал кызганычтан улам чыкканы белгилүү болгон.

«Тургундун жарандык никедеги жабыр тарткан аялы арыз жазуудан баш таптып, видеону коомчулукка жарыя кылган адамдарга чара көрүүнү суранып, милицияга арыз жазды», — дешти мекемеден.

Бүгүн, 13-мартта Ош шаардык соту окуя боюнча топтолгон материалдарды карап, шектүүгө карата өкүм чыгарат.