«Сезим» кризистик борборуна Атыр Абдрахматова жетекчи болуп шайланды

Аталган борборду буга чейин белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жетектеп келген.

«Сезим» кризистик борбору 1998-жылы түптөлгөн. Борбордун башкы максаты — аялдардын укуктарын коргоп, аларга укуктук жана психологиялык жардам берүү менен үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка же адам сатууга кабылган аялдарга, кыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү.

43 жаштагы Атыр Абдрахматова Кыргызстандан биринчи жолу болуп шайланган айым акыйкатчы. Ал аталган кызматты 2022-2023-жылдары аркалаган.