Билим берүү боюнча эксперт Ари Покканын китебинин бет ачары Бишкекте автордун катышуусунда өтөт

Маалыматка ылайык, иш-чара басмай үй жана Билим берүү министрлиги тарабынан 16-май саат 10:00дө Бишкек шаарындагы «Орион» мейманканасында өткөрүлөт. Кирүү акысыз, катышуу үчүн билдирмени толтуруу керек.

«Ари Покка 14-17-май күндөрү Бишкекте болуп, Кыргызстандын билим берүү министри жана бул тармактагы адистер менен жолугушат. Жергиликтүү мугалимдер, мектеп директорлору үчүн тренингдерди өткөрөт», — деп айтылат билдирүүдө.

«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинде — Финляндиянын мектептериндеги натыйжалуу жана адилеттүү система тууралуу айтылат. Анда автор өзүнүн 20 жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, мектепти ийгиликтүү уюштуруп, башкаруу сырларын айтып берет.

Ари Покка — өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасын реформалоо программаларынын жооптуусу жана мүчөсү, Эл аралык мектеп директорлорунун биримдигин жетекчиси.

2023-жылы Bugupress басма үйү Америкалык экономист Дарон Ажемоглу жана Жеймс Алан Робинсондун Why Nations Fail китебин «Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?» деген аталыш менен кыргызча басып чыгарып, анын бет ачары китептин авторлорунун биринин катышуусунда өткөн.