Мурдагы министр Чудинов «Курулуп жаткан электр станциялардын» директору болуп дайындалды

«Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясы 2023-жылы Минкаб тарабынан Улуттук энерго холдингдин ордуна түзүлгөн. 2024-жылдын 28-февралында «Камбар-Ата 1» ГЭСи дирекциянын башкаруусуна өткөрүлгөн.

Чудинов 2007-2009-жылдары, Курманбек Бакиевдин тушунда премьер-министр болгон. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалган.

2015-жылы Чудинов «Бир Бол» партиясынан ЖК депутат болуп келген. Бирок үч жылдан кийин жерлерди мыйзамсыз транформациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мандатынан ажыратылган.