Президент Жапаров аялдарга жана балдарга карата зомбулукка ыкчам жооп кайтарууну тапшырды

Ошондой эле, президент Жапаров Акыйкатчы институтунун алдына коюлган милдеттерди аткарууда ишмердүүлүгүн күчөтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууда эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Аны менен катар жолугушууда сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу, жарандардын юридикалык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле басмырлоого жана адам укуктарын бузууга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү маселелери талкууланды.