2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан 517 бала Кыргызстанга кайтарылды

«Алар Кыргызстанга келгенден кийин реабилитациялык, теологиялык, педагогикалык иш-чаралардан өтүп, туугандарына өткөрүлүп берилет», — деди Рысбекова.

2021-жылдагы расмий маалыматка ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелсе, аялдар менен балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Сүрөт: «Азаттык»