Өзгөн: Башкы прокурордун атын жамынып тургунду коркуткан кишинин иши иликтене баштады

15-майда Ош облустук милициясы «Клоопко» аталган окуя боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгында, жабырлануучу боюндагы баласынан ажыраганы окуяга тиешеси жок экенин кабарлады.

Ал эми видеодогу Мусурованын үйүнө кирип тополоң салган тургун Өзгөндүк 34 жаштагы аял экени аныкталган.

«Ал эми видео тасмада сөз болуп жаткан “Дөкү” аттуу жаран Өзгөн районунун 1984-жылы туулган жараны экени аныкталып, көрсөтмөсүндө өзүнүн үйүнүн короосунун алдында кошуналары О. кызы А. менен Г. М. урушуп жатканын көрүп калып, аларды ажыратып койгонун жана эч кимди урбаганын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, кылмыш иш козгоодон баш тартылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле милициядан жабырлануучу «Дөкү» аттуу тургун ок атуучу курал менен үйүнө кирип келип жолдошун жана өзүн коркутканы тууралуу мурдагы арызында көрсөтпөгөнүн, бул тууралуу арызы үстүбүздөгү жылы 7-майда каттоого алынганын билдиришти.

Кылмыш ишин козгоодон баш тартылган токтом Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылып, кошумча текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Башкы беттеги сүрөт: «Турмуш» басылмасы.